ЛЕНИНГРАД САЛГЫЛАШЫ (1941-44)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЕНИНГРАД САЛГЫЛАШЫ (1941-44) - Улуу Ата Мекендик согушта (1941-45) Ленинград ш-н фашист немис жана финн аскерлеринен кор­гоо жана аларды кыйратуу боюнча Советтик Куралдуу Күчтөрдүн 1941-ж. 10-июлдан 1944-ж. 10-август­ка чейин жүргүзгөн согуш аракеттери. Фашист­тердин башчылары «Түндүк» армиялар тобунун (командачысы генерал-фельдмаршал В. фон Лееб) жана эки финн армиясынын (Карел жана Түштүк-Чыгыш) соккусу менен Ленинградды алып, Москва тарапка өткөрбөй турган Кызыл Арми­яга тылдан сокку уруу үчүн ыңгайлуу жерге чыгууну пландаштырган. Душмандын Ленин­градга чабуулу 1941-ж. 10-июлда Улуу д-нан башталган. Фашисттик аскерлерге Түндүк жана Түндүк- Батыш фронттору каршы турган. Чабуул баш­талганда Түндүк-Батыш фронттогу советтик аскерлер­ден «Түндүк» армиялар тобу жөө аскер боюнча 2,4 эсе, курал-жарактан - 4, миномёттон - 5,8, тан­кадан - 1,2, самолёттон 9,8 эсе көптүк кылган.

Фашисттердин Ленинградды аткылаган алыска атуучу куралдарын советтик жоокерлер колго түшүргөн учур. Ленинград. 1944.

Мамлекеттик коргоо комитети (МКК) 1941-ж. 10-июлда Түндүк-Батыш багытын (башкы командачысы Со­веттер Союзунун маршалы К. Е. Ворошилов) түзүп, анын карамагына Түндүк жана Түндүк-Батыш фронтторунун аскерин, Түндүк жана Кызыл Туулуу Валтика флотун берген. Ленинграддын айлана­сында бир нече алкактан турган коргонуу сис­темасы курулуп, ыктыярдуулардын 10 дивизия­сы, ондогон партизан отряддары түзүлгөн. Шаар­дан балдар, айрым завод-фабрикалардын жаб­дуулары эвакуацияланган. Айыгышкан салгы­лаштарда душман оор жоготууларга учураганы­на карабастан, 1941-ж. 8-сентябрда Шлиссель­бург тарапта Ленинградды кургактыктан бөлүп салууга жетишип, Ленинград блокадасы баш­талган. Блокада учурунда Ленинград эли душ­мандын тынымсыз бомбалоосуна, ачкачылык­ка, суукка карабастан, фронтко активдүү жар­дам көрсөткөн. 1943-ж. январда Ленинград жана Волхов фронтторунун аскерлери авиациянын жана Валтика флотунун артиллериясынын кол­доосу менен блокаданы Шлиссельбург жактан бузуп, Ленинграддын өлкө менен түз байланышын

Советтик жоокерлер чабуулга өтүү үчүн өнүт ээлөөгө бара жатышат. 1943.

калыбына келтирүү үчүн Ладога көлү аркылуу 17 суткада т. ж. жана автомобиль жолу салы­нып, шаардын жабдуу иши толук чечилбесе да, анын абалы бир кыйла женилдеген. Советтик Ку­ралдуу Күчтөрдүн Сталинград, Курск салгылаш­тарындагы, Сол жээк Украинадагы ийгиликте­ри Ленинград жана Новгороддун жанында чоң чабуул баштоого шарт түзгөн. Фашисттердин «Түндүк» армиялар тобу ээлеген өңүттөрүнөн кет­пөөгө аракеттенсе да, Ленинград, Волхов фронт­торунун жана Кызыл Туулуу Балтика флотунун аскерлери 1944-ж. 14-январда чабуулга өтүп, 27- январда душмандын коргонуусун талкалаган. Душман Ленинграддан 220-280 км алыс куулуп, Ленинград обл-нун аймагы баскынчылардан дээрлик бошотулган.

Улуу Ата Мек. согуштун жүрүшүндө Л. с. зор стратегиялык мааниге ээ болгон. Советтик аскерлер бул жерде душмандын Чыгыш фронтундагы күчтөрүнүн 15-20% ин жана бүткүл финн армия­сын алаксытып, немистердин 50дөй дивизиясын талкалаган. Салгылашка катышкан бөлүктөр жана бирикмелер гвардия деген наам алган жана ордендер менен сыйланган. Совет өкмөтүнүн күндө­лүк камкордугу жана бүткүл өлкөнүн колдоосу блокадада ленинграддыктарга чоң жөлөк болуп, дайыма дем берип турган. Өкмөт 1942-ж. 22- декабрда «Ленинградды коргогондугу үчүн» ме­далын белгилеген. СССР Жогорку Советинин Президиуму Ленинградды Ленин ордени менен сый­лап (1945-ж. 20-январь), Улуу Ата Мекендик согушта (1941-45) совет элинин жеңишинин 20 жылдыгынын урматына баатыр шаар деген ардак наам берген.