ЛЕКСИКАЛЫК МААНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЕКСИКАЛЫК МААНИ - бүтүндөй бир сөз топ­торуна же сөз категорияларына таандык бол­гон грамматикалык мааниден айырмаланып, жеке бир лексикалык бирдикке гана таандык маани. Толук маанилүү сөздөрдүн көбүнүн лек­сикалык мазмуну бирдей даражада болбойт. Ошого жараша алар өзүнчө маанилик структу­ра, өз ара иерархиялык багыныңкы байланыш, б. а. сөздүн лексика-семантикалык вариантта­рын түзүп турат. Лексикалык семантиканы уюштуруунун бул касиети полисемия же сөздү вариациялоо деп аталат. Сөздүн предметке же түшүнүккө тиешелүүлүгүнө жараша Л. м. т и к е ж-а ө т м ө маани, контекстке көз карандылы­гына жараша фразеол. түрмөккө байланышкан, констр-лык жактан шартталган ж-а эркин маа­ни деп бөлүнөт. Л. м. - сөздүн объективдүү бир класска кирген нерселердин башкалардан айыр­малап көрсөткөн мааниси. Сөздөрдүн Л. м-си­нин ар башкалыгына ылайык, бир сөз экин­чи бир сөздүн айырмалангандыктан, Л. м. ар бир сөздүн өзүнө тиешелүү мааниси катары ка­ралат. Мис., балапан - куштун же башка ка­наттуунун баласы ж. б.