ЛЕЙШМАНИЯЛАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЛЕЙШМАНИЯЛАР (Ье1зйтап1а) - жөнөкөйлөрдүн шапалактуулар классындагы уруусу. Дене уз. 2-4 мкм. Киши, ит ж-а сойлоочулардын клетка ичиндеги митеси. Л. клетканы бузат ж-а тери м-н ички органдарды жабыркатып, лейшманиоз оорусун пайда кылат. Ал желимчилер чакканда жугат. Адамда Л-дын 3 түрү (тропик Л., бразилия Л. ж-а Донован Л-ы) мителик кылат. Евразиянын тропик ж-а субтропиктеринде, Борб. ж-а Түн. Америкада, Борб. Азия ж-а Закавказьеде таралган.