ЛЕБЕДЕВ-КУМАЧ Василий Иванович
ЛЕБЕДЕВ-КУМАЧ (өз фамилиясы - Лебедев) Василий Иванович [24. 7(5. 8). 1898, Москва - 20. 2. 1949, ошол эле жер] - орус акыны. СССР мамл. сыйл. лауреаты (1941). 1919-21-ж. ММУда окуган. Ал - советтик массалык ырларды жаратуучулардын бири. Кеңири белгилүү «Шайыр балдар маршы» (1934), «Мекен жөнүндө ыр» (1936) деген ырлардын, ошондой эле «Көңүлдүү балдар»,

«Капитан Гранттын балдары», «Цирк», «Волга-Волга» жана башка фильмдердин ырларынын автору. Анын «Ыйык согуш» аттуу ыры 1946-жылы «Известия», «Красная звезда» гезиттерине басылып чыгып, Улуу Ата Мекендик согуштун гимни болуп калган (музыкасы А. В. Александровдуку). Лебедев-Кумач сатиралык ырларды, аңгемелерди жана фельетондорду да жараткан.
Ац.: Данилин Ю. И. Воспоминания о Лебедеве-Кумаче//М., 1982; Минералов Ю. И. Так говорила держава: XX век и русская песня. М., 1995.