ЛАТЫН АМЕРИКАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАТЫН АМЕРИКАСЫ (испанча Атепка ЬаНпа, англ. Ьайп Атепка) - Түш. ж-а Борб. Амери­кадагы, Түн. Американын түш. бөлүгүндө жай­гашкан мамлекеттердин жалпы аты. Аянты 20,5 млн км2. Калкы 451 млн (1998); Европадан көчүп келгендердин тукумдары, индейлер, ме­тистер, негрлер ж-а мулаттар. Негизинен татаал этностук ж-а тарыхый процесстердин натыйжа­сында пайда болгон. Латын Америкасынын аймагында 33 мамлекет жайгашкан. Алар Ан­тигуа ж-а Барбуда, Аргентина, Багама Аралда­ры, Барбадос, Белиз, Боливия, Бразилия, Ве­несуэла, Гаити, Гайана, Гватемала, Гондурас, Гренада, Доминика, Доминикан Респ., Колум­бия, Коста-Рика, Куба, Мексика, Никарагуа, Панама, Парагвай, Перу. Сальвадор, Сент-Вин­сент ж-а Гренадины, Сент-Китс-Невис, Сент-Лю­сия, Суринам, Тринидад ж-а Тобаго, Уругвай, Чили, Эквадор, Ямайка мамлекеттери, о. эле Улуу Британия, Франция, Нидерланд, АКШнын ээликтери жайгашкан. Бул континенттеги 18 мамл. расмий тили - испан тили. Бразилияда - португал, Гаитиде - француз, Суринамда - ни­дерланд, ал эми калган мамлекеттерде - англис тилдери. 0. эле 10%тен ашыгы түрдүү индей тилдерин ж-а диалектилерин колдонушат. Калк­тын көпчүлүгү латын тилинен пайда болгон роман тилинде сүйлөгөндүктөн, континенттин бул бөлүгү Л. А. деп аталган. Кариб деңизине жакын өлкөлөр Кариб Америкасы деп да аталат.