ЛАС-ВЕГАС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАС-ВЕГАС - АКШнын түш.-батышындагы шаар. Невада штатынын түштүгүндө. Калкы 570,1 миң (2010; шаар агломерациясы м-н 2,3 млн). Ири жолдор тоому. Эл аралык ж-а жерг. маанидеги аэропорттору бар. 1905-ж. негиздел­ген. 1911-жылдан шаар. Л.-В-тын борборунда мормондордун эски форту (1855; чийки кыштан салынган), отель, «Голден Гейт» казиносу, үстү жабык Фремонт көчөсундө казино-отели (1946;

Шаардын жалпы көрүнүшү.

негизинен Голливуд кинолору тартылуучу жер) жайгашкан. Жалпы улуттук маанидеги көңүл ачуу индустриясынын ж-а туризмдин борбору. Электр-тех. ө. ж., агломерациясында жогорку технология чөйрөсү (телекоммуникация, элек­трондук оюндарды жөнгө салуу), Л.-В-ка жа­кын жерде «Неллис» аскер-аба базасы иштейт. Ун-ттер, бир нече коллеждер ж-а сүрөт галерея­сы, китепканалар, музейлер бар. Теннис б-ча эл аралык турнирлер (аялдар ж-а эркектер ара­сында), «Формула-1» автожарышы, ишкер ж-а ил. конф-ялар, көргөзмө, жармаңке ж. б. өткө­рүлүп турат. Үйлөнүү үлпөттөрүн өткөрүүчү уюм­дар (туристтерди кызыктырат) уюштурулган. Климаттык курорт.