ЛАПЕРУЗ КЫСЫГЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЛАПЕРУЗ КЫСЫГЫ Сахалин (Россия) м-н Хоккайдо (Япония) а-нын аралыгында. Япон деңизи м-н Охота деңизин туташтырат. Уз. 101 км, эң кууш жери 43 км. Фарватердеги эң тайыз жери 27 м, эң терең жери 118 м. Владивостокту Охота, Беринг деңиздеринин ж-а Тынч океандын порттору м-н байланыштыруучу маанилүү деңиз жолунун бир бөлүгү. Кышында муз каптап жатат. Порту - Вакканай (Япония). Кысыкты ачкан фр. деңиз саякатчысы Ж. Ф. Лаперуздун ысмынан аталган.