ЛАОЛОР
ЛАОЛОР - Лаостогу тай элдери, лаостор курамындагы этностук топ. Батыш ж-а Түш. Лаосто (3 млн), Түн.-Чыгыш Тайландда (16 млн), Камбожада (10 миң), Вьетнамда (10 миң) ж-а Мьянмада (25 миң) да жашашат. Жалпы саны

19,048 киши (2012). Лаос тилинде сүйлөшөт. Дини - байыркы уруулук ишенимдер аралашкан буддизмдин түш. бутагы, христиандар да бар. Л-дун түпкү аталары Чыгыщ Азиянын түш. аймактарында жашап, Индикытайга б. з-дын башында, ал эми азыркы Лаос аймагына б. з. алгачкы кылымдарында келген. 14-к-да Лансанг аталыштагы Лаос феодалдык мамлекети пайда болгон. 18-к-да өз ара феодалдык ырксыздыктын кесепетинен бир нече княздыкка бөлүнүп кеткен. 19-к-да Сиам ж-а Вьетнам, кийинчерээк Вьетнам ж-а Франциянын ортосунда бөлуштүрүлгөн. 1953-ж. көз каранды эмес мамлекет түзүлүп, башка элдер м-н ассимиляцияланган. Л. негизинен күрүч өстүрүп, багбанчылык кылат. Айрым топтору мал багып, аңчылык, балык уулоочулук ж-а кол өнөрчүлүк м-н кесиптенишет. Л-до ийрүү, жибек токуу өнүккөн. Негизги тамак-ашы - куруч, балык, жер-жемиштер, эт (буйвол) азыктары (түндүгүндө), о. эле жылан, чегиртке, курт-кумурскалар. Салттуу майрамы - Жаңы жыл (13-15-апрель).