ЛАНГУСТТАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЛАНГУСТТАР (РаИпига) — он буттуу рактар түркүмүнүн омурткасыздар түркүмчөсү. Дене уз. 60 смге жетет.
Денеси ж-а антенналары тикен м-н капталган, басуучу буттарында кыпчуурлары жок. Курсагы узунураак келип, жон жагы кысыңкы. Курсак буттары кыска ж-а начар өнүккөн. Булардын ЮОдөй түрү белгилүү. Көбүнчө тропик ж-а субтропйк деңиздерде, кадимки Л.
гана Европанын мелүүн сууларында жашайт. Азыгын түнкүсүн издейт. 5 жашында жыныстык жактан жетилет,
катуу үн чыгарууга жөндөмдүү. Бул үндөн балыктар чочуп, кармаган азыгын таштап салат, аны м-н Л. азыктанат. Душманы - осминогдор. Л. промыселдик жаныбар ж-а колдо көбөйтүлөт.
