ЛАМПРОФИР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАМПРОФИР (гр. 1атрг6з - жылтырак ж-а порфир) - тарамдашкан мелонакраттуу магма­лык тек. Тектеш тектерден түстүу минералдар­дын көп санда (30%тен кем эмес) болушу м-н айырмаланат. Өнү-түсү каралжын боз, кара, Негизинен талаа шпатынан (кээде фельдшпа­титтен) ж-а түстүү минералдардан (амфибол, пироксен, биотит) турат. Хим. курамына жара­ша акиташтуу-жегичтүү (спессартит, керсантит ж. б.) ж-а жегичтүү (камптонит, альнёит ж. б.) түрлөргө бөлүнөт.