КӨЗ ООРУЛАРЫ
КӨЗ ООРУЛАРЫ – көз алмасы, көз чарасы ж-а анын жапкагы, коньюнктивалары көздүн ж. б. бөлүктөрүнүн оорулары. Алар тубаса, кийин пайда болгон, жугуштуу (коньюнктивит, трахома, блефарит), жугушсуз, катуу кармаган ж-а өнөкөт болуп бөлүнөт. Бир же эки көз тең оорушу мүмкүн. Ал жалпы организмдин ооруларынан, мисалы, инфекциялык (туберкулёз, котон жара, кызыл жүгүрүк, кептөөр, келте ж. б.), мителик, эндокриндик, кан тамыр, борбордук нерв системасынын ооруларынан ж-а түрдүү шишиктерден (менингит, мээ шишиктери) ж. б. болушу мүмкүн. Улгайган адамда чечекей тунарып, катаракта пайда болот. Көз суюктугунун айланышы бузулганда ички басым көтөрүлүп, глаукомага алып келет. Көздүн бузулушу көбүнчө ички орган же системалардын кандайдыр бир оорусу м-н байланыштуу (эндогендик). Борбордук ж-а четки нерв, жүрөк-кан тамыр системаларынын оорусунда, ууланууда, зат алмашуу, ички секреция бездери бузулганда ж. б. учурларда көздө өзгөрүү байкалат. Бул ооруларды өз учурунда дарылоо көз ооруларынан сактайт. Ооруну пайда кылуучу экзогендик себептерге жугуштуу козгогучтардын көзгө түшүшү, механикалык кокустатуу, химиялык (кислота, щелочтор) ж-а физикалык (температура, жарык, радиоактивдүү нурлар) факторлор кирет. Көз жабыркаганда айрыкча глаукома, оор травма, күйүк, көрүү нервинин атрофиясы, трахома ж. б. сокурлукка алып келиши мүмкүн. Алдын алууда жеке тазалыкты сактоо, организмди ар кандай оорулардан коргоо, көрүү начарлай баштаса, врачка кайрылуу зарыл. Өз убагында медициналык жардам көрсөтүлсө, оорунун күчөшүнө, кабылдоосуна жол берилбейт.