КӨБӨЙТҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨБӨЙТҮҮ – ар кандай эки чыныгы сан боюнча үчүнчү чыныгы санды табуучу арифметикалык амал. Мисалы, a.b=c, a, b – көбөйүүчүлөр, c – көбөйтүндү; де­мек, a санын b санына көбөйтүү а санын өзүн өзүнө b жолу кошуу дегенди билдирет. Кобойтуу амалы x бел­гиси м-н белгиленет (англис математиги У. Оут­ред 1631 же немис математиги Г. Лейбниц (1698) ж-а аxb, а.b же аb деп жазылат. c ж-а бөлчөк сандарын көбөйтүү b dbd барабардыгы м-н аныкталат. Эки рационалдык санды көбөйткөндө абсолюттук чоңдугунун көбөйтүндүсүнө барабар болгон ж-а эки көбөйтүүчү тең бирдей белгиде болсо, анда плюс (+), түрдүү белгиде болсо, минус (–) белгидеги сан алынат. Иррационалдык сандарды көбөйтүү алар­ды рационалдык жакындатуунун жардамы м-н эсептелет. Комплекстик сандарды көбөйтүү төмөнкү ба­рабардыкта аткарылат: (a+bi)(c+di)=ac–bd+(ad+bc)i ж. б. Сандарды көбөйтүү төмөнкүдөй касиет­терге ээ: ab=ba орун алмаштыруу закону; abc =(ab)c = a(bc) топтоштуруу закону; а(b+c)=ab+bc, бөлүштүрүү закону ж-а а.0 = 0; а.1= а.