КОШ-КОРГОН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОШ-КОРГОН – Чүй районундагы кыштак. Кош-Коргон айыл округуна караштуу. Кызыл-Суу суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 800 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Токмок шаарынан 18 км түштүк-чыгыш тарапта. Кыштак 1936-жылы негизделген. Калкы 2012 (2022); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.