КОШ-КАРА-ТАШ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОШ-КАРА-ТАШ – Ат-Башы районунун аймагы аркылуу аккан суу, Ак-Сайдын сол куймасы. Узундугу 38 км, алабынын аянты 256 км2. Ат-Башы кырка тоосунун түштүк капталындагы мөңгүлөрдөн башталат. Жогорку агымында тепши сымал өрөөн м-н түштүк чыгышты карай агып, Ак-Сайга куят. Жылдык орточо чыгымы 0,7–1,1 м3/сек. Эң көп чыгымы июль – августта, эң азы февраль – мартта байкалат. Апрелден сентябрга чейин кирип, октябрдан мартка чейин тартылат. Негизинен кар, мөңгү ж-а булак сууларынан куралат. Алабында жалпы аянты 19,8 км2 келген 10 мөңгү бар.