КОШУЛБОО КЫЙМЫЛЫ
КОШУЛБОО КЫЙМЫЛЫ – жарыша куралданууга, «кансыз согушка» каршы пайда болгон бейтараптык кыймыл. 1955-жылы 24-апрелде Индонезиянын Бандунг шаарында өткөн конференцияда (Азиянын 23, Африканын 6 мамлекетинен 340 делегат катышкан) кошулбоо кыймылы түзүлгөн. Ага кирген мамлекеттер өздөрүнүн бейтараптуулугун ж-а ар кандай саясий уюм, блокторго кошулбай тургандыктарын жарыялап, согуштук-саясий блокторго кирбөө ж-а антиколониялык, эл аралык куралсыздандыруу ж-а Түндүк Африка мамлекеттерине эгемендүүлүк берүү талаптарын койгон. 2006-жылы 116 өлкө кошулбоо кыймылына мүчө болгон. Конференцияларын өткөрүп турат.
Ад.: Алимов Ю. И. Неприсоединение: история, теория, проблемы. М., 1990; Агаев Э., Крылов С. 116 государств в движении неприсоединения // Международная жизнь. 2006. № 4.