КОЧКОР РУН ЖАЗУУЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЧКОР РУН ЖАЗУУЛАРЫ Кочкор өрөөнүнүн Кара-Суу, Көк-Сай, Бөйрөк-Булак, Төө-Карын, Көк-Бука деген жерлерден табылган. Айрым жазуулардын узундугу 3 мге, тамгалардын бийиктиги 35 смге жетет. Кээ бир жазуулар ташка сүрөттөр м-н кошо чегилген. Ар бир көлөмдүү жазууну уруулук тамга коштойт. 1998–2002-жылдарда археолог­дор К. Табалдиев, О. Солтобаевдин экспедиция­сы тапкан. С. Г. Кляшторныйдын пикири боюнча Кочкор рун жазуулары Талас жазууларына окшош.

Кочкор жазуулары – түргөш элинин жазма мад-тынын үлгүсү.