КОТЛЯРЕВСКИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОТЛЯРЕ́ВСКИЙ Иван Петрович [29. 8 (9. 9). 1769, Полтава – 29. 10 (10. 11). 1938, ошол эле жер] – украин жазуучусу. Полтавадагы диний семинарияда окуган (1780–89). 6 бөлүмдөн тур­ган «Энеида» поэмасы Украинада бир нече ирет басылган (1798, 1809, 1842). Чыгармаларында украин коомунун бардык катмарынын 18-кылымдын аягы – 19-кылымдын башындагы жашоо турмушу, салт-санаасы чагылдырылган. Котляревский – «Наталка-Полтавка» (1819-жылы коюлган; Н. В. Лысенко­нун аты уйкаш операсы) ж-а «Сыйкырчы сол­дат» пьесаларынын автору. 1952-жылы Полтава­да мамлекеттик адабий мемориал музейи ачылган. 1969-ж. туулган күнүнүн 200 жылдыгына кара­та мемориал комплекси түзүлгөн.