КОРЕЙ ЖАЗУУСУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОРЕЙ ЖАЗУУСУ – корейлер колдонгон тамга-муун жазуусу. 1444-жылы ойлонуп табылган. Корей жазуусу жогортон төмөн же оңдон солго карай

жазылат. Кийинчерээк горизонталь багытта солдон оңго карай жазуу ыгы көп колдонула баштаган. 1949-жылдан КЭДРде корей жазуусу гана, Түштүк Кореяда корей-кытай жазуусу колдонулат. Азыркы корей алфавитинде 40 графема бар. Орфографиясы негизинен морфологиялык принципте түзүлгөн.