КОРДОВА ХАЛИФАТЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́РДОВА ХАЛИФАТЫ – Пиреней жарым аралындагы мамлекет. Омейя Абд ар-Рахман I Аббасиддер­ден Испанияга качып келип, 756-жылы Кордова эмирлигин түзгөн. Эмирлик 9-кылымдын аягында ай­рым феодалдык ээликтерге бөлүнүп кеткен. 929-жылы өзүн халиф деп жарыялаган Абд ар-Рахман III мам­лекеттин саясий биримдигин калыбына келти­рип, Кордованы көз каранды эмес мамлекет деп жарыялаган. Абд ар-Рахман III нүн мезгилинде Кордова халифатында 3000ден ашык мечит пайда болуп, жа­рым млндой калкы м-н мусулмандардын рухий борборуна айланган. Кордова халифатынын Кордова, Гра­нада ж-а Севилье шаарларында укук, философия, адабият, математика, медицина, астрономия, тарых ж-а география сабактарын окуткан мектептер салын­ган. Кордова халифаты 945-, 955-жылдарда Византияга, 955-, 969-жылдарда Германияга элчилерин жиберип, мамиле түзүп турган. 10-кылымда – Кордова халифатынын гүлдөп турган мезги­ли. Шаарлардын, элдин саны көбөйүп, кеме куруу, тоо-кен өнөр жайы өнүккөн. Кордова халифаты 11-кылымдын башында феодалдык бүлгүнгө учурап, майда эмирлик­терге бөлүнүп кеткен. Кордова халифатынын көрүнүктүү баш­каруучулары: Абд ар-Рахман III (912–61), аль-Хакам II (961–76), Хажиб Мухаммед ибн Абу Эмир аль-Мансур (976–1002).


Ад.: Крачковский И. Ю. Арабская культура в Ис­пании. М.; Л., 1937; Леви–Провансаль Э. Арабская культура в Испании. М., 1967.