КОНЬЯ СУЛТАНДЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́НЬЯ СУЛТАНДЫГЫ (И к о н и й, Р у м же С е л ж у к с у л т а н д ы г ы) – 11–14-кылымдарда Кичи Азиядагы феодалдык мамлекет. Султандыктын алгачкы борбору Никея, кийин Конья (Иконий) болгон. Конья султандыгы Византиянын Кичи Азиядагы жер­лерин сельжуктардын басып алышы м-н түзүлгөн. Ал Ала-ад-дин Кей-Кубад султан баш­карган мезгилде (1219–36) өзгөчө гүлдөп, Конья, Кайсери, Сивас ж. б. шаарлары кол өнөрчүлүктүн борбору болгон. 1243-жылдан Конья султандыгы Ирандагы моңгол илхандарынын вассалына айланган. 1307-жылы майда княздыктарга бөлүнүп, анын ичинде Ос­мон бийлиги (округ) 14-кылымдын башында түзүлгөн Осмон мамлекетинин негизи болгон.