КОНФЛИКТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНФЛИ́КТ (лат. c–nflictus – кагылышуу) – 1) карама-каршы көз караштардын кагылышы; чыр-чатакка алып келчү олуттуу келишпестик, кызуу талаш; 2) коомдогу ар кыл каршылык­тардын көркөм чыгармада көрүнүшү; каарман­дардын ж-а кырдаалдардын, бир же бир нече мүнөздүн өз ара таймашы. Конфликт сюжеттин өнүгү­шүнүн башкы этаптарын аныктайт: окуянын башталышы, чиелениши, конфликттин пайда болушу, конфликттин курчушу (кульминация), чечилиши (мисалы, Т. Сыдыкбековдун «Тоо арасында» романынын негизги конфликтин совет бийлигин чыңдоо үчүн күрөш­көн Сапарбай, Самтыр, Бүбүш м-н Саадат, Калпакбаевдин ортосундагы күрөш түзөт). Конфликт айрыкча драмалык чыгармаларда айкын көрүнөт (мисалы, М. Байжиевдин «Төрт адам» пьесасында ортодо калган Нази Азиздин таасиринен улам Искендер м-н нравалык жактан конфликтке чыгат да, акырында андан кол үзүү чечимине келет). Конфликт эпикалык чыгармаларга да мүнөздүү.