КОНСТАНЦА
КОНСТА́НЦА – Румыниянын чыгышындагы шаар. Констанца жудецинин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 295,4 миң (2022). Кара деңиздеги өлкөнүн башкы порту (жылына 15 млн т жүк ташылат). Эл аралык аэропорту бар. Шаар 6-кылымда иония гректери тарабынан негизделген. Б. з. ч. 29-жылы римдиктер басып алган. К. 1413–1878-жылдарда Осмон империясынын бийлигинин астында болгон. 1878-жылдан Румыниянын курамында. Кеме куруу ж-а ремонттоо, целлюлоза-кагаз, эмерек, жеңил, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Археологиялык ж-а сүрөт музейлери бар. Констанца – Румыниянын Кара деңиз жээгиндеги туризм борбору. Антика мезгилинин курулуштарынын калдыктары, грек ж-а рим некрополдору, базилика (5–6-кылымдар), мечиттер (18–19-кылымдар) сакталган.