КОНСЕРВАТИЗМ
КОНСЕРВАТИ́ЗМ (лат. conservo – коргойм, сактайм дегенден) – саясаттагы багыт. Үстөмдүк кылган мамлекеттик ж-а коомдук тартипти коргоп, оңолууларды ж-а реформаларды талап кылган либерализмге каршы турат. Консерватизм идеологиялык багыттуулук ж-а саясий кыймыл катары социалдык өзгөрүүлөргө каршы туруп, салттык баалуулуктарды ж-а тартипти сактоону көздөйт. Тарыхта консерватизмдин ар кыл түрлөрү болгон, негизинен ал революциялар м-н радикалдык реформаларды жактырбайт, туруктуу социалдык системаларды ж-а нормаларды жактайт. Социалдык өзгөрүүлөр шартында консерватизм эски тартиптерди бузууга, жок кылууга өтө этият мамиле жасайт. «Консерватизм» терминин алгач Ф. Шатобриан колдонгон, анда консерватизм 18-кылымда Франциядагы революция убагында аристократиянын идеологиясын билдирген концепцияны түшүндүргөн.