КОНКИСТАДОРЛОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНКИСТАДОРЛОР (исп. conquistador – баскынчы) – 15–16-кылымдардын аягында Түштүк ж-а Борбордук Америкага атайын жиберилген испандык талоончул баскынчылар. 15-кылымда Америка ачылгандан кийин, анын аймактарын конкистадорлор басып алып, жергиликтүү индей калкын кырып, кулга айландырган, байлыктарын талап-тоноп, тартып алынган алтынды, кулду ж-а жерди өз ара бөлүштүрүшкөн.