КОНДЕНСАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНДЕНСА́ЦИЯ (лат. condensatio – тыгыздалыш, коюуланыш) – газ абалындагы заттын муздатуунун же кысуунун натыйжасында суюк же катуу абалга өтүшү. Буу заттын кризис температурасынан төмөн учурда конденсацияланат. Конденсация буунун көлөмүнүн ичинде (бууга газ аралашканда) дагы болот. Көлөмдүү конденсация башталыш үчүн буу өтө каныккан болушу керек. Буунун өтө каныккан ченеми болуп, анын Р басымынын өзүнүн суюк же катуу фазасы м-н тең салмактуулукта болгон Рк каныккан буунун басымына болгон катышы эсептелинет: E=Р/Р , мында E – буунун өтө каныккандыгынын даражасы. Эгер E>1 болсо, анда буу өтө каныккан, E=1 болсо, буу каныккан буу болот. Конденсациянын башталышы e чоңдугуна, буудагы майда бөлүкчөлөрдүн (аэрозолдор) санына көз каранды. Конденсация учурунда конденсациялануучу заттан бууланганга кеткен жылуулук саны бөлүнүп чыгат. Конденсация ж-а буулануу жаратылышта суунун айлануусунда ж-а технологиялык процесстерде ролу чоң. Суу буусунун атмосферада конденсацияланышынан жаан, кар, шүүдүрүм, бубак пайда болот. Жылуулук ж-а атомдук станцияларда иштетилип чыккан суу буусунун конденсацияланышы төмөнкү басымда (4 кПага жакын) өтөт. Конденсация муздатуучу маши­нада, газ суюлткучта, туздандыруу ж-а ректификациялоо түзүлүштөрүндө колдонулат. Конденсация учурунда тамчылардын пайда болушу нымдалуучу беттерде ж-а иондордо, мисалы, Вильсон камерасында жеңил өтөт.