КОНДЕНСАТОР
КОНДЕНСА́ТОР (лат. condenso – тыгыздайм, коюулантам) – 1) газ (буу) түрүндөгү затты суюк же катуу затка айландыруучу аппарат. Конденсатордо буу температурасы төмөн болгон металл бетке (беттик конденсатор) же сууга тийгенде (контакттуу конденсатор) конденсацияланат. Конденсатор химиялык технологияда, жылуулук ж-а муздаткыч курулмаларында ж. б. кеңири колдонулат; 2) э л е к т р конденсатору – бири-биринен өлчөмү алардан жука диэлектрик м-н бөлүнгөн кыймылдуу же кыймылсыз эки же андан көп электроддордон турган, өз ара электр сыйымдуулукту түзгөн система. Диэлектрик катары газ, суюктук, электр өткөрбөөчү катуу заттар ж-а жарым өткөргүчтөр алынат. Диэлектриктин түрүнө жараша электрод материалы төмөнкүчө айырмаланат: кагаз, аба, карапа, плёнкалуу, слюдалуу, электролиттик конденсаторлор. Конструкциясы боюнча туруктуу ж-а өзгөрмө сыйымдуулуктагы конденсатор болуп бөлүнөт. Радиотехникалык ж-а электр-техникалык курулмаларда кеңири колдонулат.