КОНВЕЙЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНВЕ́ЙЕР (англ. conveyer, convey – көчүрүү,та­шуу), ж ы л д ы р г ы ч, т р а н с п о р т ё р – чубурма, кесек же даана жүктөрдү үзгүлтүксүз ташуучу машина. Жылдыруучу элементтери боюнча тасмалуу, чынжырлуу, аркандуу, бурал­малуу, инерциялуу, дирилдөөчү, чыгырыктуу конвейер болуп айырмаланат. Жүктү ташуучу кара­жатына жараша конвейер тасмалуу, тилке пластин­калардан туруучу, кыргычтуу, арабалуу ж. б. түрдө болот. Кеңири таралгандары: тасмалуу конвейердин жүк алып жүрүүчү каражаты – тасмасы болот же резинадан жасалып, 1–5 м/с ылдам­дыкта жүрөт; пластинкалуу конвейер өз алдынча шар­нир түрүндө бири-бирине уланган, 1 м/с ылдам­дыкта айланган болот полотнодон турат; кыр­гычтуу конвейер кыргычтары бар чынжырдан туруп, кобулда же кутуда 1 м/с ылдамдыкта айланат; асылма конвейер жылдыруучу чынжырга бекитилген арабачалары бар ж-а атайын багыттоочтордун жардамы м-н жүктү керек жерге жеткирет. Ал атайын программалар м-н автоматтык түрдө ат­карылышы да мүмкүн. Узундугу бир нече кмди түзүп, ылдамдыгы 45 м/мин; арабалуу конвейер оор жүктү

1-сүрөт. Ноочо тасмалуу конвейердин схемасы.

бири-бирине чиркелген араба м-н рельс жолун­да 1,2–7,5 м/с ылдамдыкта ташыйт; сузгулуу конвейер чынжырга илинген, 0,16–0,4 м/с ылдамдык­та которулат; буралмалуу, жүк буралманын жээ­ги м-н айлануучу түтүк аркылуу которулат ж-а жүктүн түрүнө (суюк же чубурма) жараша ай­лануу жыштыгы 50–150 мин; термелүүчү инер­циялык конвейер чубурма ж-а кесегирээк жүктү та-

2-сүрөт. Пластинкалуу конвейердин схемасы.

шыйт; дирилдөөчү конвейер бир же эки түтүктүү транс­порттук кобулдан туруп, чаңдуу, уулуу, ысык жүктөрдү ташууда колдонулат; чыгырыктуу – конвейер 2–5° жантайыңкы жайгашып, чыгырыкта­ры жүктүн оордук күчүнүн таасиринен айланат. Ошондой эле атайын адистештирилген түрлөрү бел­гилүү, мисалы, стакер, элеватор, эскалатор ж. б. Конвейер өндүрүштүн ар кандай тармагында колдону­луп, жүктөө ж-а жүк түшүрүүдө, технологиялык про­цесстерде үзгүлтүксүз иштөөнү камсыз кылат.