КОНАКРИ
КО́НАКРИ – Гвинея Республикасынын борбору. Административдик жактан өзгөчө зонага бөлүнгөн. Өлкөнүн батыш бөлүгүндө, Атлантика океанынын жээгинде, Томбо аралында (материк м-н дамба аркылуу байланышат) ж-а Калум жарым аралында жайгашкан. Калкы 1,8 млн (2008). Эл аралык аэропорту бар. Деңиз порту. Шаар 1884-жылы француздар тарабынан негизделген. 1895–1958-жылдарда Француздук Гвинеянын, 1958-жылдан көз каранды эмес Гвинея Республикасынын административдик борбору. Учурда өлкөдөгү ири шаар ж-а негизги порт (дээрлик сырткы соода жүргүзүлөт). Конакри – Гвинеянын ири өнөр жай борбору. Тамак-аш (анын ичинде жемиш ширелери ж-а суусундуктар, консервалар, өсүмдүк майлары, пиво), химия (ацетилен, пластмасса буюмдары), текстиль, жыгаччылык, эмерек, тамеки өнөр жай ишканалары, кыш заводу иштейт. Университет, политехникалык институт (Батыш Африкадагы эң ири), улуттук китепкана, улуттук музей (экспонаттардын бай коллекциясы), улуттук искусство мектеби (1966) бар. Конакриде 1970-жылдан улуттук фестивалдар (искусство ж-а маданий) өткөрүлүп турат. Шаарга жакын жерден темир, боксит ж-а гранит казылып алынат.