КОМСОМОЛ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМСОМО́Л МӨҢГҮСҮ Борбордук Теңир-Тоодо. Эңил­чек мөңгүсүнүн ири тармагы. Боз-Кыр кырка тоосунун түндүк капталынан башталат. Узундугу 16,0 км, жалпы аянты 70,2 км2. Башы деңиз деңгээлинен 6090 м, этеги 3800 м бийикте жатат. Кар чеги­нин бийиктиги 4200 м. Дендрит тибиндеги бутак­тап кеткен тоо аралык өрөөн мөңгүлөрүнүн то­буна кирет. Абляциясынын аянты 3,5 км2. Мөң­гү Эңилчектин негизги «тилинин» түштүк четине ичке тилке болуп кошулуп, батышты карай агат.