КОМПЛАНАРДУУ ВЕКТОРЛОР
КОМПЛАНАРДУУ ВЕКТОРЛОР (лат. соm – бирге ж-а planum – тегиздик) – бир тегиздикте жаткан же кандайдыр бир тегиздикке жарыш векторлор. Каалаган эки вектор ар убакта компланардуу болот, ал эми 3 вектор компланардуу болбой калышы мүмкүн. Нөл вектор каалаган эки векторго компланардуу. a(x1, y1, z1)
b (x2 , y2 , z2 ) ж-а c (x3, y3 , z3 ) векторлорунун скалярдуу-вектордук аралаш көбөйтүндүсү нөлгө барабар болот: x1 y1 z1 x2 y2 z2 =0 x3 y3 z Бул үч вектордун компланардуу болушунун зарыл ж-а жетиштүү шартын ырастайт. Мындай шарт аткарылбаса, ал векторлор компланардуу болбойт, башкача айтканда бир тегиздикте жаткан түз сызыктар компланардуу, ал эми бир тегиздикте жатпаса, компланардуу болбойт. Дагы үч вектордун компланардуу болуу шарты aa + –b + yc = 0 м-н белгиленет, мында a, –, y турактуу сандарынын жок дегенде бирөө нөлгө айланбашы керек.