КОМПИЛЯТОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМПИЛЯ́ТОР (англ. сompiler), т р а н с л я­ т о р – ЭЭМдин алгоритмди программалоонун бир тилинен экинчисине, башкача айтканда машина тилине автоматтык которууга арналган программасы. Эгерде интерпретатордо ЭЭМге киргизилип жат­кан программанын ар бир буйругу (оператор) киргизилери м-н машина тилине которулса, ал эми компилятордо программа толук киргизилгенден ки­йин гана машина тилине которулат. Компилятор баш­тапкы программаны объективдүү программага которуу учурунда баштапкы программанын син­таксиси ж-а эсептөөдө же салыштырууда кол­донулуучу берилиштер программада аныктал­гандыгын текшерет. Компилятор баштапкы коддо жазыл­ган программадагы программалоо тилинин эре­желери ж-а синтаксиси бузулган көрсөтмөлөр тизмесин түзөт. Тизме баштапкы программада зарыл болгон оңдоолорду жүргүзүүгө ж-а про­грамманы түзөтүүдө программачыга жардам берет.