КОМПАНИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМПА́НИЯ (фр. compagnie; англ. company) – коммерциялык же өндүрүштүк ишмердик үчүн түзүлгөн жактардын ассоциациясы. Компания өнөк­төштүктүн – корпорациянын принциптеринде аракеттенет, ошондой эле ишкердиктин башка түрлө­рүнө ээ боло алат. Мындай өнөктөштүк компаниянын карыздары үчүн толук жоопкерчиликтүү эки же бир нече жеке адамдардын ортосундагы кели­шимдин негизинде түзүлгөн ишкер уюмдун бир түрү болуп эсептелет. Жоопкерчилиги чектел­ген компания өз пайынын (салган капиталынын) че­гинде карыздары үчүн чектелген жоопкерчилик­ке ээ. Инвестициялык компания (трест) менчик баалуу кагаздарын корпорациянын баалуу ка­газдарына сатуу аркылуу мобилизациялануучу капиталды алат. Компаниянын инвестициясынан алын­ган киреше оперативдүү чыгымдарга ж-а компания мү­чөлөрүнө дивиденддерди төлөөгө жумшалат. Коммерциялык кредит компаниясы адистештирилген кредиттөөнү ишке ашырат. Холдинг компаниясы опе­ративдүү компаниянын ишмердигине контролдук кы­луучу көлөмдөгү башка компаниянын (көбүнчө опера­тивдүү) акцияларына ээлик кылат. Оперативдүү компания бизнести уюштуруучунун милдетин аткарат. Бир эле мезгилде оперативдүү ж-а холдинг бол­гон компания да кездешет.