КОЛУМБИЯЛЫКТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛУМБИЯЛЫКТАР (өздөрүн к о л о м б и а­ н о с деп аташат) – эл, Колумбиянын негизги калкы. Венесуэлада, АКШда да жашайт. Жал­пы саны 34,5 млн киши, анын ичинде 32,5 млну Колумбияда. Испан тилинде сүйлөшөт. Негизи­нен католицизмди, ошондой эле протестантизмди (пре­свитериандар, баптисттер ж. б.) тутушат. Колумбиялыктардын этностук негизин жергиликтүү индейлер – чибча-муис­ка, Колумбияга көчүп келген испандардын укум­-тукумдары – креолдор, мулаттар ж-а кул ката­ры Африкадан алып келинген негрлер түзгөн. 16-кылымдын 30-жылдарында испандар Колумбия­ны басып алган. 18-кылымдын аягында жергиликтүү уруу­лардын көбүн испан баскынчылары кырган же ассимиляцияланган. Негизинен айыл чарбасында (кофе, банан, ананас, тамеки, какао, жүгөрү, буудай, күрүч ж. б. өстүрөт), ошондой эле нефть, тоо кендерин казып чыгаруу өнөр жайында эмгектенишет.