КОЛУМБИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛУМБИ́Т – кычкылдар классына кирүүчү минерал. Колумбит-танталит тобуна кирет. Бул топтун минералдары FeNB O (таза колумбит) ж-а FeTa O –MnTa O 2 (таза танталит) сыяктуу изоморф катмарларын түзөт. Курамында кошумча стронций, вольфрам, титан, цинк, уран, сей­рек жер элементтери жана чачыранды элемент­тер кездешет. Ромб системасында кристаллда­нат. Өңү-түсү кара, кара күрөң, кээде кызгыл­тым күрөң. Металлдай жалтырайт. Көбү күңүрт келет. Катуулугу Моостун шкаласы боюнча 6,0. Салыштырма салмагы 5,2–7,9. Кварцтуу сиенитте, аляскит­те, биотиттүү гранитте, пегматитте кездешет. Ниобий кенташы болуп саналат.