КОКО ТИКЕН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОКО ТИКЕН (Cirsium) – өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумундагы уруусу.

Сабагынын би­йиктиги 50–130 см. Жалбы­рагы жөнөкөй, жээги ти­кенектүү, майда тишче­лүү. Себетче гүлдөрү ка­лемче же шыпыргыдай топ гүлгө чогулган. Көп жылдык, чанда эки жыл­дык өсүмдүк. Анын Түндүк жарым шарда 200дөн ашуун, Кыргызстанда 13 түрү кездешет. Коко тикен отоо чөп катары айдоодо, шалбаа­да өсөт, айдалган өсүм­дүктөрдүн түшүмүн азай­тып, сапатын начарла­тат. Күрөшүү чарасы: ко­торуштуруп айдоо, эрте тоңдурмалоо, гербидцид чачуу ж. б.