КОЙЧУЕВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЙЧУЕВА Мээрим (1. 2. 1974-жылы туулган, Бишкек) – экономика илимдеринин доктору (2006). Коммерция­лык банктардын ишмердигин изилдөө боюнча адис. КМУУну бүткөн (1995). «Кыргызстан» акционер­дик-коммерциялык банкында экономист (1995–96), КР Улуттук банкында экономист, улук эко­номист, башкы экономист (1996–2006), 2006-жылдан КРСУда кафедра башчысынын илим боюнча орун басары, профессор. 20дан ашуун эмгеги, анын ичинде 6 монографиясы жарык көргөн.

Эмг.: Формирование рыночной экономики СНГ в переходный период. Б., 1999; Экономика Кыргызстана на переломном этапе (авторлош). Б., 2003.