КЛАССИКАЛЫК КҮРӨШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛАССИКАЛЫК КҮРӨШ – күрөштүн колдун ж-а дененин кыймылына негизделген ыкмалар­ды колдонуучу түрү. Анда белден ылдый алуу­га, булкуп тартууга ж-а чалууга болбойт. Ал 18-кылымда Францияда пайда болгон. Эл аралык фе­дерациясы 1912-жылы түзүлгөн. Классикалык күрөш 1896-жылы олим­пия оюндарынын программасына кирген. 1921- жылдан дүйнөлүк чемпионат өткөрүлөт. Ошондой эле к. Грек-рим күрөшү, Күрөш.