ИСЛАНДДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСЛАНДДАР (өздөрүн ислендингар деп ата­шат) – эл, Исландиянын жергиликтүү калкы. Саны 394 000 адам жашайт (2026). Эркектер 202 миң, Аялдар: ~192 миң. Ошондой эле Канада, АКШ, Да­ния, Швеция, Норвегия жана Германияда да жа­шашат. Исланд тилинде сүйлөшөт. Христиан ди­нинин протестант (лютеран) тармагын тутушат. Исланддар 9–10-кылымдарда Норвегиядан көчүп келген байыр­кы скандинавиялыктардын тукумдары. 13–14- кылымдарда исланд эли түзүлүп, улут катары калыптана баштаган. Исланддардын улуттук өсүшүнө Даниянын узак жылдар (1380-жылдан) үстөмдүк кылышы терс таасир тийгизген. Даниялык бийликке кар­шы күрөштөрдүн негизинде исланддар 1918-жылы өз ал­дынчалыкка ээ болуп, эне тили, маданияты, үрп-­адат, улуттук салттары өнүгө баштаган. Исланддар мал чарбачылык, балыкчылык жана кол өнөрчүлүк менен кесиптенишип, дубалы темир-бетондон тур­гузулуп, чатыры шифер жана темир менен жабыл­ган үйлөрдө жашашат. Улуттук кийими аял­дарда көбүрөөк колдонулат. Алар жүндөн то­кулган белдемчи, ак көйнөк, алжапкыч, оймо­-чиймеленген кара же кызыл түстүү чыптама, булгаары бут кийим, айрымдары кара матадан тигилген узун көйнөк (жакасы менен жеңи бар­кыттан салынып, кооздолгон), башына кара бар­кыт калпак кийип же жоолук салынышат. Эр­кектери матадан тигилген күрмө, шым, жылуу сокмо көйнөк жана тизеден өйдө байпак, тюлень терисинен башмак, башына калпак кийишет. Тамак-ашы негизинен эт, балык, дан жана сүт азыктары.

Ш. Керимова.