ИНТЕРЬЕР
ИНТЕРЬЕ́Р (фр. interieur – ички) – 1) а р х ит е к т у р а д а имараттын (турак жана коомдук жай ж. б.) же үйдүн (далис, бөлмө, зал д. у. с.) ичи. Интерьердин архитектуралык композициясы менен жасалгасы көркөм айкалышып, адамга эстетикалык ыракат берүүгө тийиш. Азыркы мезгилдин талабына ылайык архитекторлор менен сүрөтчүлөрдүн алдына жаңы милдеттер коюлуп жатат. Аларды туура чечүү адамдарды ыңгайлуу, эстетикалык муктаждыктарын канааттандыра турган турак жай менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет; 2) живописте интерьер жанры 17-кылымда Голландия (П. Санредам, де Витте ж. б.) менен Фламандда мыкты өнүккөн. Россияда 19-кылымда пайда болгон (А. Г. Венецианов жана анын жолун жолдогон сүрөтчүлөр). Интерьердин үй тиричилик жана тарыхый сюжеттер боюнча сүрөт тартууда мааниси чоң.
Ад.: Соловьев Н. К. История современного интерьера. М., 2004; Мак-Коркодей Ч. Убранство жилого интерьера. М., 2006.