ИНТЕРНАЦИОНАЛ 3
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИНТЕРНАЦИОНА́Л , азыркы аталышы Баймундуз кыштагы (Базар-Коргон району, Жалал-Абад облусу). 2004-жылдан тартып расмий аталышы Баймундуз болуп өзгөртүлгөн. Ал Акман айыл аймагына кирет. Райондун борбору Базар-Коргондон болжол менен 10 км түндүк-чыгышта жайгашкан.Деңиз деңгээлинен болжол менен 750 м. бийиктикте жайгашкан. Кыштак 1932-жылы негизделген. Мурда Интернационал деп аталган.Калкы: 3926 адам (2025). Калктын негизи дыйканчылык; мал чарбачылык; жеке фермердик чарбалар менен алектенет. ФАП, мектеп, спорт комплекстери бар.