ИНТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНТЕР ... (лат. inter – аралык, ортосу, өз ара) – татаал сөздөрдүн биринчи бөлүгү: 1) кандайдыр бир нерсенин аралыгындагы деген маанини билди­рет (мисалы, интерфейс, интеркосмос ж. б.); 2) эл аралык, улут аралык деген маанини билдирет (мисалы, интербригада ж. б.)

  • Интернационалдык — элдердин ортосундагы, эл аралык.
  • Интеракция — өз ара аракеттенүү.
  • Интернет — тармактардын ортосундагы байланыш системасы.
  • Интерфейс — адам менен система (же эки система) ортосундагы байланыш.
  • интерконтиненталдык байланыш — материктер арасындагы байланыш;
  • интернационалдык миграция — мамлекеттер аралык калктын көчүшү;
  • эл аралык (интернационалдык) соода — өлкөлөр ортосундагы товар алмашуу.