ИНДОНЕЗИЯЛЫКТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНДОНЕЗИЯЛЫКТАР – Индонезиянын негиз­ги калкы. Түштүк Чыгыш Азия аралы, Жаңы Гви­неянын батыш бөлүктөрү, Малайзия, Филип­пин, Бруней жана Сингапурда да жашашат. Жал­пы саны 375 млн киши (2007), көпчүлүгүн ява­лыктар, сундалыктар, мадурлар, малайялык­тар, минангкабау, бугис, бали, банжар, ачех, макассар ж. б. түзөт. Индонезиялыктардын дини – ислам (90%), христиан, буддизм жана индуизм. Б. з. ч. 3–2- миң жылдыкта Түштүк Чыгыш Азиянын моңгол тилдүү уруулары Индонезия аймагына көчүп келип, жергиликтүү веддоиддик жана меланезоиддик уруулар менен аралашып, индонезиялыктардын этностук неги­зин түзгөн. Азыркы индонезиялыктар 19–20-кылымдарда калыптана

Файл:ИНДОНЕЗИЯЛЫКТАР36.png
Үйлөнүү үлпөтү.

баштаган. 1945-жылы көз каранды эмес Индонезия Республикасы жарыялангандан кийин улуттук жана эт­ностук биригүү процесси күчүнө кирип, жалпы индонезия тили жана маданиятынын өнүгүшүнө өбөл­гө түзүлгөн. Индонезиялыктардын негизги кесиби – дыйканчы­лык (күрүч, жүгөрү, маниок, батат, арахис, соя эгишип, экспорт үчүн каучуктуу өсүмдүктөр, пальма майы, бал камыш, чай, кофе, какао, хина дарагы, тамеки, калемпир, сизаль ж. б. өсүмдүктөрдү айдашат), мал чарбачылык, балык уулоочулук. Тамак-ашы негизинен эт, балык, дан азыктары жана жашылча-жемиштер. Суусун­дук катары кофе, чай, кокос жаңгагынан жа­салган сок колдонушат.

Ш. Керимова.