ЗОНАЛУУЛУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗОНАЛУУЛУК г е о г р а ф и я д а – жараты­лыш кубулуштарынын, компоненттеринин, ландшафттарынын кеңдик багытта (экватордон уюлдарга карай) закон ченемдүү (ырааттуулук менен) өзгөрүшү. Зоналуулукту дүйнөлүк закон катары (жер бетинин бардык бөлүктөрүнө жана жаратылыш­тын бардык компоненттерине мүнөздүү) бирин­чи жолу В. В. Докучаев (1898) сунуш кылган. Жердин шар сымал формасы, ошого байланыш­туу күн нурларынын жер бетине экватордон уюл­дарды карай улам азайган бурч менен келип түшүшү зоналуулукту пайда кылат. Анткени экватордон уюлдарды карай жер бетин күн нуру улам азы­раак жылытат. Бирок планеталык-астрономиялык фак­торлор жер бетинде зоналуулуктун пайда болушуна шарт түзсө, зоналуулук жер бетинин түрүнө (кургактык же океан), деңиз жана аба агымдарынын таасирине, аймактын абсолюттук бийиктигине, рельефине жара­ша болот, башкача айтканда зоналуулуктун даана көрүнүшү географиялык кат­мардын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу. Анын үстүнө жаратылыш компоненттери ар түрдүү болгондуктан, алардын өнүгүү закондору да ар башка мүнөздө. Климаттык, гидрологиялык, рельефтик, топурактык, өсүмдүктүк ж. б. зоналардын чек­тери бири-бирине дал келбейт. Айрым компо­ненттерде (өсүмдүк-топурактарда) зоналуулук айкын би­линсе, бөлөк компоненттерде (мисалы, рельефте, борпоң тоо тек катмарларында ж. б.) анчалык даана байкалбайт. Бирок, жаратылыш компо­ненттери өз ара аракетте болгондуктан, алар бири-бирине таасир тийгизет – ылайыкташат. Ошондуктан жер бетинде бирдиктүү табигый же ландшафттык зоналар калыптанат. Бир зона­да ландшафттардын айрым бир түрү басымдуу­лук кылат. Ландшафттык зоналар жер бетинде өтө татаал, мозаикалык көрүнүштү пайда кы­лат: айрым зоналар (чөлдөр, талаалар) материк­тердин ичкери бөлүгүндө калыптанса, башка­лары (мисалы, токойлор) океанга жакыныраак тилкени түзөт. Зоналар кеңдик багытта эле со­зулбастан, айрым учурларда меридиан багытын­да да (Түндүк Америкада ) жатат. Кээ бир зоналар кеңири (тайга, саванна сыяктуу), айрымдары куушураак тилкени түзөт. Тоолуу аймактарда кеңдик зоналуулук бийиктик алкактуулук менен алма­шат. Зоналуулук күн радиациясы сиңген жер бетинде жана ага жанаша жаткан абада, сууда, жука жер кыртышында гана даана байкалат. Атмосферада ал абанын жер бетиндеги катмары деген төмөнкү бөлүгүндө (орточо калыңдыгы 1,5–2,5 км, макси­муму 4 км), сууда күн нуру сиңген 200 м терең­дикке чейин, кургактыкта жер астындагы суу­ларга чейинки үбөлөнүү катмарында (2–3 мден 100–120 мге чейин) ачык байкалып, алардан жогору же төмөн карай бүдөмүктөнүп кетет. Бирок, зоналуулуктун кыйыр белгилери географиялык катмар­дын эң четки чектеринде да кездешет.

Ад.: Колесник С. В. Общие географические законо­мерности Земли. М., 1970; Григорьев А. А. Законо­мерности строения и развития географической среды. М., 1966; Мильков Ф. Н. Физическая география. Учение о ландшафте и географическая зональность. М., 1986.


Т. Кулматов.