ЗАРБИЛИК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗАРБИЛИК – Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Жоош айыл аймагына караштуу. Де­ңиз деңгээлинен 875 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Суу шаарынан 10 км түштүк тарапта. Ош темир жол бекетинен 15 км. Калкы 2037 (2025); неги­зинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб бар.