География:ҮРМАРАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ҮРМАРАЛ – Талас Алатоосунун түн. капталынан башталган суу. Бакайата р-нун аймагында. Уз. 69 км, алабынын аянты 1130 км2, анын 3 %ин мөңгү, түбөлүк кар ээлейт. Ү-дын 207 куймасы бар; ирилери: Бешкөл, Чийимташ, Чоңжол, Каракоюн. Алабында 27 майда көл (жалпы аянты 0,99 км2), 41 мөңгү (35,8 км2) бар. Кар, мөңгү сууларынан куралат. Көп жылдык орт. чыгымы 8,7 м3/сек, эң азы 0,70 м3/сек, эң көп чыгымы 30,5 м3/сек. Май айында кирип, сентябрь – октябрда тартылат. Жылдык агымынын 52%и июль – сентябрь айларына туура келет. Сугатка пайдаланылат. Суу өткөрүүчү жөндөмдүүлүгү 19,3 м3/сек келген 11 сугат каналы чыгарылган. Эң ириси Бакаташ (4,0 м3/сек). Өрөөндө Үрмарал, Миңбулак кыш. жайгашкан.