География:ҮКӨК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ҮКӨК, М а з а р ү к ө к – Чүй д-нын оң куймасы. Уз. 33 км. Алабынын аянты 315 км2. Тескей Алатоонун түн. беттеринен башталып, Кочкор өрөөнү м-н агат. Алабында майда мөңгүлөр, жалпы аянты 0,02 км2 келген 2 көл бар. Ү-кө жалпы уз. 197 км болгон 57 өзөн куят; негизгилери – Чыранбулак (12 км), Аманбетбулак (10 км), Каракүнгөй (30 км). Көп жылдык орт. чыгымы 0,59 м3/сек. Майдан сентябрга чейин ташкындап, октябрь – апрелде тартылат. Июль айында суусу мол болот, орт. чыгымы 1,65 м3/сек. Эң көп чыгымы 3,37 м3/сек, эң азы 0,10 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Ү-төн 6,0 м3/сек суу өткөрүүгө жөндөмдүү 10 канал, куймасы Каракүнгөйдөн 3,25 м3/сек суу өткөрүүчү 11 канал чыгарылган.