География:ҮЙҮРМӨ КӨЛҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ҮЙҮРМӨ КӨЛҮ Атбашы кырка тоосунун чыгыш бөлүгүндөгү Үйүрмө өрөөнүнүн төрүндө (ашуусу да бар) жайгашкан. Аянты 0,21 км2, көлөмү 0,504 млн м3, эң терең жери 8 м, тунуктугу 2 м. Деңиз деңг. 3 800 м бийиктикте жатат. Морена жалчасы өрөөндү бөгөп калышынан пайда болгон. Бөгөт көл чанагынан 20–40 м бийик жатат. Моренанын ортосу аркылуу өткөн жыраң м-н суу агып чыгат. Көл кар, мөңгүлөрдөн башталган суулардан куралат. Андан башталган Үйүрмө суусу Атбашы д–на сол тараптан куят.