География:ЭЧКИЛИТАШ АШУУСУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЭЧКИЛИТАШ АШУУСУ Тескей Алатоодо. Чоңжылаңач (Каркыранын башы) ж-а Сарыжаз сууларынын башында. Бийикт. 3723 м. Ашуу карбондун акиташ теги, акиташ-чополуу сланец, кумдук, конгломерат тектеринен турат. Мойногу тигирээк ж-а тар келип, капталдары негизинен тик. Ашуу июль-сентябрь айларында ачык болуп, мал ашырылат.