География:ЭКИЧАТ МӨҢГҮЛӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЭКИЧАТ МӨҢГҮЛӨРҮ — Тескей Алатоонун түн. тармагы – Караколдун чыгыш капталындагы өрөөн тибиндеги жанаша жаткан 2 мөңгү. Көөлү суусунун алабында. Ч о ң Э к и ч а т мөңгүсүнүн уз. 5,0 км, аянты 5,0 км2, абляция облусунун аянты 2,1 км2. Башы деңиз деңг. 4800 м, этеги 3980 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4340м. К и ч и Э к и ч а т мөңгүсүнүн уз. 4,2 км, аянты 3,6 км2, абляция облусунун аянты 2,1 км2. Башы деңиз деңг. 4600 м, этеги 3960 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4360 м. Мөңгүлөрдөн Экичат суусу башталып, Көөлүгө куят.