География:ЧОҢ НАРЫН КАПЧЫГАЙЫ
ЧОҢ НАРЫН КАПЧЫГАЙЫ Ички Теңиртоодо. Жогорку ж-а Ортоңку Нарын ойдуңдарынын аралыгында жайгашкан. Түштүгү Нарын, түндүгү Жетим кырка тоолору м-н чектешет. Уз. 66 км, туурасы Нарын, Жетим тоолорундагы Жанболот (3841 м), Байбиче (3784 м) ашууларынын меридианында 20 км, ал эми жогорку бөлүгүндө 10 кмге жетет. Таманынын бийиктиги төмөн жагында (Экинарында) 2254 м. Ч. Н. к. неогенде пайда болгон. Капчыгайдын башында байыркы мөңгүлөрдүн издери сакталып, тоолордун аскалуу тик капталдарынан куюлган кум, шагыл м-н аралашып суунун нугуна чейин түшкөн. Капталдары тик, аскалуу айрым бөлүгүндө туурасы 300–600 мге кеңейип, төртүнчүлүк доордо пайда болгон тектирлердин калдыктары кездешет. Нарын кырка тоосунан башталган Караташ суусу кошулгандан капчыгай 12 км аралыкта V формасында кууштайт. Экинарындын кошулган жеринде кеңейип, төртүнчүлүк мезгилдин башталышындагы чукул бир нече ийилиштерди түзүп, туурасы 20–50 мден ашпайт. Капчыгайдын оң капталында суунун нугунан 500–800 м салыштырмалуу бийиктикте төртүнчүлүк мезгилдин тектирлери чоң аймакты ээлейт. Капчыгай негизинен протерозойдун аягында, девондун ортосунда пайда болгон сланец, липарит, кумдук, гравелит, конгломерат, акиташ теги ж-а аларды жиреп чыккан интрузия тектеринен түзүлгөн. Климаты континенттик. Январдын орт. темп-расы –19,1°С, июлдуку 14°С. Жылдык жаан-чачыны 336 мм. Негизинен токой аралашкан шалбаалуу талаа (2200–3200 м), субальп, альп шалбаасы ж-а талаа (3200–3800 м), 3800 мден жогору нивалдык-гляциалдык ландшафттар таралган. Капчыгайдын көп бөлүгүн Нарын коругу ээлейт. Калган аймагы жайыт.